Тынчтыкбек Жанадылов, «IREX» уюмунун тренингдер боюнча координатору:
Учурда жаштар арасында, англис тилин үйрөнүүгө болгон суроо-талап жогору болуп барат. Бул да болсо, замандын агымы. Мына ушул агым менен XXI-кылымдагы технология өнүккөн заманда ар бир адам дүйнөлүк жаңылануулардан, өзгөрүлөрдөн артта калбоосу кажет. Ушул багытта убагында АКШда билим алган, англис тилин жакшы билген «IREX» өкүлчүлүгүнүн координатору Тынчтыкбек Жанадылов менен маектешкен элек. Анда маекти окуп, тил үйрөнүүдөгү кеп-кеңештерди жашооңузда пайдалана жүрүңүз.
“Канча тил билсең-ошончо адамсың же тил үйрөнүүнүн оптималдуу жолдору”
-Алгач окурмандарга өзүңүздү тааныштыра кетесизби?
- Үч жылдан бери «IREX» өкүлчүлүгүндө билим берүүдөгү заманбап технологиянын тренингдери боюнча координатору болуп иштейм. Жогорку билимди Кыргыз-Орус Славян университетинен алгам. ЖОЖдо «Эл аралык мамилелер» факультетинде окуп, аны 2010-жылы бүтүргөм. Мындан төрт жыл мурун 2007-2008-окуу жылдарында АКШга барып, Айова штатында Грейсленд университетинде бир жыл окуп келдим.

-АКШ да билим алып келишиңизге эмне түрткү болду?
- «IREX» тарабынан администрацияланган жана Американын мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланган «глобал юград» аттуу программа бар. Ал программанын негизинде өткөн сынакка катышкан 400 студенттин арасынан 11 бала өткөнбүз. Бул конкурс жылына болуп турат. Ал конкруска Кыргызстандагы 1-курстан 5-курска чейинки студенттер катыша алат. Алар алгач биринчи турда англис тилинде дилбаян жана арызын жазып, экинчи турда баарлашуудан өтүп, үчүнчү турда англис тилин билүү деңгээлин текшерүүчү «TOEFL» аттуу программада экзамен тапшырат. Мен дагы ушул үч турдан өтүп, Айова штатында Грейсленд университетинде 8 ай окуп, америка маданияты менен таанышып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум.
-Ал жактын окуу-шарты кандай экен?
-Студенттерге эң жакшы шарттар түзүлгөн. Бекер интернет. Негизи эле техникалык жабдуусу абдан күчтүү. Андан тышкары ар бир университетинин биздин К.Баялинов атындагы китепканадай чоң китепканалары бар. Күн болобу, түнбү каалаган убактыңда кирип, сабакка даярдана берсең болот. Системасы абдан өнүккөн. Окуу жылынын башталышында эле кайсы бир сабактын окуу жылынын аягында боло турган экзамендеринин убактысы, кайсы аудиторияда экендиги жазылып илинип турат. 8-9 айдан кийин байкап көрсөңөр так ошол жазылган күнүндө, саатында, аудиториясында өтөт. Бардыгы өз ордунда, так-так болот. Сабакка мугалим келбей калды же пара алуу, пара берүү деген түшүнүк жок. Ар бир студент келишим баада окуйт. Ошол себептен дагы студенттер берген акчасын текке кетирбей, жөн гана диплом алуу үчүн эмес билим алууга кара жанын карч урушат. Аларда деле биздин студенттердей ойноп-күлгөн кечелер болот экен. Бирок, бардыгы өз убактысы, чеги менен. Спортко да абдан көңүл бөлүшөт. Спорттун бирден түрү менен машыгышат. Анан бири менен экинчисинин иши жок. Мен жатаканада жашадым. Студенттер бөлмөлөрүн ачык эле таштап кете беришет. Эч ким кирбейт. Баардыгы камсыздандырылгандыктан көңүлүң ток. Жалгыз эле көйгөйүң терең билим алуу. Курстук иш, дипломдук иш жазууда профессорлорго атайын жазылып коюп барасың, алар сага 1-2 саат убактысын бөлүп, сабак тууралуу түшүндүрүп беришет. Биздегидей жер төлөөлөргө (подземка) кире калып, рефераттарды, илимий иштерди жасатып алып келмей жок. Бардыгын өздөрү жазышат. Мисалга, экзамен болуп атса, биринен-бири сурап же көчүрүшпөйт. Өзүңдүн күчүңө гана ишенесиң. Ар кимден жардам сурагандан уяласың. Бул өзүңдө сыйлабагандыкка барабар болот. Анткени, бул-алардын көз карашында – бирөөнүн интеллектуалдык деңгээлин уурдоо менен барабар.

-Экзамен тапшыруу системасы кандай?
-Бизде 90 билет коюлса, ошонун ичинен бир суроону жакшы билсең. Экзаменде ошол суроо келип калса «беш» алып кетүү толук мүмкүн. Ал жакта деле экзаменде 90 суроо болсо, ал үч-төрт ай мурун берилет. Бирок, экзаменде ошонун бардыгына жазуу түрүндө же тест жазып тапшырасың. Ошондо билим деңгээлиң көрүнүп калат.
-Сиздин тил үйрөнүүгө болгон кызыгууңуз качан пайда болгон? Кандайча үйрөнүп баштагансыз?
-Кичинемде эле башталган. Апам англис тили мугалими болгондуктан, мени 5 жашымдан баштап эле англисче үйрөтүп баштаган. Жети жашыма барганда ангисче окуп калгам. Биринчи мугалимим апам болду. Мектепте жүргөндө да сүйүктүү сабагым англис-тили болчу. Текстерди окуп, интернеттен ангисче ырларды угуп, алардын текстерин кагазга чыгарып алып, ырдагы түшүнбөгөн сөздөрүмдү сөздүктөн издеп, которчумун. Андан тышкары, амеркалыктар бар лагерлерге барып катышып, кыскасы мектептен эле бул тилге абдан көп көңүл бурдум. Университеттен дагы китептерди көп окуп, чет элдиктер менен сүйлөшүп, ошентип жүрүп, үйрөндүм. Бирок, азыр деле толук өздөштүрдүм деп айталбайм. Ушул тапта деле жумушта отуруп алып, күндө англисче үйрөнөм. Иштеген жерим англис тилиндеги уюм болгондуктан, кесиптештер менен күндө скайп аркылуу ангисче баарлашып турабыз.
-Кээ бирлер тил үйрөнүүнү каалап, «бир айдын ичинде үйрөтөбүз» деген курстарга барып атышат. Бир айдын ичинде үйрөнүп чыгуу мүмкүнбү?
- Бир айдын ичинде үйрөнүп кетет деп айталбайм. Өзгөчө бир айдын ичинде үйрөнүүгө мүмкүн эмес. Байкап көрсөк, орус тилин деле аягына чейин билбейбиз. Ал эмес, эне тилибизди жакшы үйрөнө албай атабыз. Өмүр бою ошол тилде сүйлөп, толук үйрөнө албай аткандан кийин, бир айда тил үйрөнүү деген түшкө кирбеген нерсе.

-Негизи тезирээк үйрөнүү үчүн кээ бирлери сөздүктөрдү жаттап жүрүшөт. Кайсы бирлери америкалыктар менен таанышып, англисче көп сүйлөшкөнгө аракеттенишип, прaкатикага басым жасайт. Сиз кайсы жолду сунуштаар элеңиз?
-Тил үйрөнүүдө негизги максат- тил үйрөнүү болбошу керек. Башкача айтканда,тилди куралга айландыруу абзел. Мисалга, сиз интернеттен жаңылыктарды окусаңыз. Орусча же кыргызча гана эмес. Англисче деле окусаңыз болот. Сиздин максатыңыз-жаңылыктарды окуу. Ал эми куралыңыз бул жерде – англис тили. Уюкфондорун (сотовый телефон) дагы англис тилине которуп койсо, ангисче смс жиберген кандай болоорун, телефондо иштей турганды үйрөнө баштайт. Телевизордон жаңылыктарды көргөндө, «намбада» деле англис тилинде фильмдер турат. Ошол титрларды көрүп алып, тилин өстүрөт. Китеп окуганда деле мисалга, Ч.Айтматовдун китебин англисче окуу. Бул жерде деле максат китеп окуу, куралың- англис тили болот. Сүйлөшкөндө дагы амеркиалык досторуңар менен бир күндө атайын убакыт бөлүп сүйлөшүп турсаңар жакшы болмок. Анан жазуу түрүндө дагы фейсбуук же башка сайттар аркылуу ангисче жазышып , үйрөнүү керек. Ошентип, бүтүндөй баскан-турган, кыймыл-аракетиңди, бардыгын практика жүзүндө чөйрөгө айлантса, эки-үч жылда барып адам сүйлөгөндү өздөштүрөт. Жакшы жылыш болуш болот.
-Азыр англис тили дүйнөлүк тилге айланып калды деп атабыз. Күнүмдүк жашоодон, дүйнөлүк практикадан алганда англис тилин билгендердин кандай мүмкүнчүлүктөрүн байкай алдыңыз?
-Кыргыз жаштарына айтаарым, алгач эне-тилиңерди жакшы билгиле. Анан барып «канча тил билсең, ошончо адамсың» дегендей орус, англис тилин үйрөнгүлө. Азыр кайсы кесипте иштебе, англис тинин билгендердин акча табуу мүмкүнчүлүгү жогору. Жөнөкөй эле мисал, Бишкекте англис тилин билген кыз официант болуп иштесе, «Хаят» мейманканасына барып иштеп, көбүрөөк акча табалат. Эл аралык уюмдар деле англис тилин билген айдоочуларды издеп калышты. Аларда айлык төлөшөт жана км. жараша акча төлөнүп берилет. Анан дагы аэропорттон барып, чет элдик туристти алып келгенде айдоочулар гид катары да кызмат аткарып калып атышат. Анткени мурда англис тилин билген кызматкерди айдоочуга кошуп эки адамды жиберишчү. Азыр тил билген айдоочулар эле гиддин да кызматын аткарып калган. Бул дагы фирмага ылайык. Ырчыларга деле тил билсе, демөөрчү таап, эларалык деөгээлде келишим түзгөнгө жеңил болот. Спортчулар да эл аралык мелдештерге барганда, тил билбестиктен көп мүмкүнчүлүктөрдү өткөрүп жиберип атышат. Тил үйрөнүү жакшылыкка эле алып барат.
-Тил үйрөнүүдө жаш өзгөчөлүк роль ойнойбу?
-Тил үйрөнүү эч качан кеч эмес. Бирок, канчалык жаш курагынан баштаса, кабыл алуу сезими ошончолук тезирээк болот. Ошентсе да, 40 жаштан кийин үйрөнгөн көп адамды билем. Бул адамдын эркине да көз каранды. Эрки күчтүү адам үйрөнөм деп максат койсо, үйрөнүп кетет.
www.imp.kg
Нурайым Рысмамбетова
http://imp.kg/projects/view/id/92